Тажикстандын Кыргызстандагы элчисинин кызматтык мөөнөтү аяктады
16-ноябрда КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Асадулло Саидов менен жолугушту. ТИМ билдиргендей, бул жолугушуу элчинин кызматтык мөөнөтү аяктаганы менен байланыштуу болду. Сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелердин деңгээли, кызматташтык тууралуу пикирлер айтылды. Министр Абдылдаев элчинин эки өлкөнүн мамилелеринин бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.