Тогуз-Тородо 8 күн мурун кыштоого мал издеп кеткен 2 жаран дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда эки малчы дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматтар боюнча, 6-февраль күнү Бирдик айылынан 1983-жылы туулган К.Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев жана 1989-жылы туулган С.Айылчиев Кабак кыштоосуна ат менен мал издеп кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. 12-февраль күнү К.Чоялиев Бирдик айылына кайтып келип, жанындагы шериктерин таппай калганын айткан.

12-13-февраль күндөрү жергиликтүү 10 тургун издөө иштерин башташкан. Кийин дагы 15 адам жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №46-тобу да издөө иштерине кошулган.

Учурда дайынсыз болуп жаткан малчыларды издөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2018-02-14 18:37:08
Ылайым эсен аман табылып калсын аммин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан