Зыяратчыларды ажылыкка каттоо эртең, 16-февралда саат 17:00дө аяктайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, зыяратчылар белгиленген убакытка чейин ажылыкка каттоо үчүн РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөөсү керек.
"Зыяратчыларды каттоону 16-февралда токтотуу чечими ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын 13-февралдагы отурумунда кабыл алынган. Ал эми жогорудагы каражаттарды өз учурунда төлөгөн жарандарды ажылык серверине каттоо иштери 23-февралда кечки саат 17:00гө чейин улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, быйыл Кыргыз өлкөсүнө зыяратчылар үчүн 5400 квота бөлүнгөн.