Бишкекте кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отурган келин кыз төрөдү. Бул тууралуу активист, БУУнун гендердик өнүктүрүү программасынын адиси Үмүтай Даулетова SUPER.KG порталына билдирди.
"Кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отурган Айжамал Казыева кечээ, 15-февралда түнкү саат 11:00 чамасында көз жарып, кыздуу болду. Ымыркай 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, учурда абалы жакшы", - дейт Даулетова.
Маалым болгондой, азыркы тапта төрөт үйүндө жаткан Казыеваны дарыгерлер 19-февралда ооруканадан чыгарат. Төрөт үйүнөн чыккан соң ал ымыркайы менен кайда бара турганы белгисиз.
Эскерте кетсек, Айжамал Казыева көз жара турганына саналуу эле күндөр калганда Бишкек шаарындагы жер астынан өтүүчү жайлардын биринде кайыр сурап отурган. Жардамга муктаж келинге жардам бергиси келген кайрымдуу жарандар анын 0772 731 394 телефон номери аркылуу байланышка чыга алышат.