Нарында “Кыргыз шырдагы” аттуу фестиваль өтөт

22-23-июнда Нарын районунда “Кыргыз шырдагы” аттуу фестиваль өз ишин баштайт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты. Ага кол өнөрчүлөр, кичи ишканалар, билим берүү мекемелери жана башкалар катышып, көрүүчүлөргө мастер-класс жана кызыктуу шоу-программа тартууланат. Иш-чаранын максаты - элдик кол өнөрчүлүктү даңазалоо болуп саналат. Фестиваль Нарын облусундагы Германиянын эл аралык кызматташуу коому жана облустук жана райондук администрациянын колдоосу менен уюштурулууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан