Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы кийинки жумада Бишкек ЖЭБдеги аварияга тиешелүү адамдардын аты-жөнүн жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбеков Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Алдын ала жыйынтыктарды буга чейин биз айтып чыкканбыз. Бир-эки күндө аягына чыгабыз. Ишке болгон шалаакылык мамиледен улам ЖЭБде кырдаал жаралган. Кимдер күнөөлүү экени боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Күнөөлүү адамдардын аты-жөнүн кийинки жуманын башында жарыялайбыз", - деди Муратбеков.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,
КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.