Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу отставкага кетүүгө даяр. Бул тууралуу ал өзү ЖЭБдеги кырдаал боюнча уюшулган пресс-жыйында билдирди.
Жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан Өмүркул уулу кечээ катталган кырдаалга байланыштуу жумуштан кетүүгө даяр экенин айтты. Ошондой эле эгер бул абал үчүн кандайдыр бир чара көрүлө турган болсо, ага өз башы менен жооп бере турганын кошумчалады.
"Азырынча авариялык кырдаал эмнеден улам келип чыкканы тактала элек. Бирок 3 эски от казандын жарылып кеткендиги тууралуу маалыматтар чындыкка коошпойт. Мен бул кырдаал боюнча жоопкерчиликти моюнума алып, керек болсо кызматымды тапшырууга даярмын", - деди ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. ЖЭБдин жетекчисинин айтымында, жылуулук берүү системи качан калыбына келе турганы азырынча белгисиз.