Бишкек ЖЭБинин директору авария тууралуу: "Насос күнөөлүү эмес"

Бүгүн, 16-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө ЖЭБдин директору Андрей Воропаев өткөн айда болгон аварияны жоюу иштери эмнеге узакка созулганын түшүндүрдү.

"Аварияга насос күнөөлүү эмес. Суунун басымын көрсөткөн жабдууну өз убагында эч ким карабай койгон. Ар бир цехте ыкчам персонал бар. Ар бир цехтин нөөмөт башчысы бар. Ал жабдуулардын иштешин көзөмөлдөөгө түздөн-түз жооптуу. Авария болгон күнү жооптуу болгон адам "баары өз убагында берилген" деп айткан. Бирок суу келгенде анын көлөмү жетишерлик эмес болгон", - деди Воропаев.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен. Анын ордуна Андрей Воропаев дайындалган.

Кечээ Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарганы белгилүү болгон. Ага ылайык, авариянын алдын ала себептери төмөнкүдөй:

- аварияны жоюуда ыкчам тобунун кызматкерлеринин макулдашылбаган аракеттери,

- жабдууга суунун жетишсиздиги,

- имараттардын күзгү-кышкы мезгилге даярдалбагандыгы,

- 3-блокту иштетүүнүн кечиктирилгени.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dosym
2018-02-16 12:24:55
Чернобыльдагы авария да ушундай болгон,
0
futboler
2018-02-16 12:29:35
Урматтуу насос, уялбай эле кой, сен күнөөлүү эмес экенсиң
+7
ruslanz
2018-02-16 19:16:20
futboler,Насостун тили болгондо киши эмес экенсинер деп айтмак турбайбы.
+2
kokboru
2018-02-16 12:48:27
Эсен эле болгулачы ей ХХХХ.
Жээнбеков элди ойлоң,элдин ишеничин актаң.Акыраттен коркуң,коррупция менен күрөшүң,тарыхта чоң тамга менен жазылатурган ак өлкө башчыга айланың,Атамбай акмактан коркпоң,элди ойлосоңуз,эл сиз менен болот
+5
jbolotov
2018-02-16 13:31:57
Комиссиянын бутуму эптеп адамдар карабай койгон деп адамдык факторго оодарышыптырда. Насос казан десе анда модернизация болду беле насостор, кайсы жагы болгон болбогону билинип калмак. Бул жерде ото чон коррупция бар, керек болсо коммисиягада указания же пара берилсе керек ушинтип суйлогуло деп.
0
gordaya
2018-02-16 15:37:08
Атамбаев жок дегенде балп этчу эле, Жээнбеков былк этпейт го
+1
NURSAPAR
2018-02-16 17:10:49
Жооок насосто эч күнөө жооооок, балким күнөө Бакиевде болуп жүрбөсүн, чүшшшш.....
0
ruslanz
2018-02-16 19:15:05
С Исаков айткан ЖК-да насостун ичине ылай толуп калыптыр деп.
0
suban78
2018-02-16 21:19:43
Акаев кылган бош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан