Орусиянын Свердлов облусунда Кыргызстандын маданий жумалыгы белгиленет

2014-жылы Орусиянын Свердлов облусунда Кыргызстандын маданий жумалыгы, 2015-жылы Свердлов облусунун Кыргызстандагы маданий жумалыгы белгиленет. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 10-июнда эки өлкөнүн министрлеринин жолугушуусу Орусиянын Свердлов облусунда болуп өттү. Анда 2 өлкөдө театралдык гастролдорду өткөрүү жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына колдоо көрсөтүү тууралуу маселелер каралды. Эми маданий жумалыкты өткөрүү тууралуу тиешелүү документтерге кол коюлмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан