"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Коомдук транспортту айдап бара жатып Инстаграмга алаксып, башка унааны сүзүп ала жаздаган айдоочу кармалды

Бишкек шаарында коомдук транспортту айдап бара жатып телефонуна алаксып, Инстаграмды карап отурган айдоочу табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, башкармалыктын кызматкерлери тартип бузган айдоочунун аты-жөнүн тактаган. Ал №220-маршруттук каттамды айдаган Артур Токтосунов экени аныкталган. Ал күнөөсүн моюнуна алып, мындан ары мындай кадамга барбай турганын убадалаган.

"Тартип бузган жаран Административдик кодекстин 239-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылды. Аталган каттамды жүргүзүп келген ишкананын жетекчилиги чакыртылып, Токтосунов менен биргеликте башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн башчысы Белек Алымов кырсыктардын алдын алуу тууралуу сүйлөштү", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына маршруттук каттамдын айдоочусу телефонуна алаксып бара жатып, башка унааны сүзүп ала жаздагандыгын билдирген. Ал жөнөткөн видеодон ал айдоочу жанында бара жаткан унаанын айдоочусу менен чырдаша кеткенин көрүүгө болот.

Маршрутканын айдоочусу Инстаграмды чукулап айдап баратат (сөгүнгөн сөздөр бар)
Жүргүнчүсү толо бараткан маршруттук таксинин айдоочусу инстаграмда отурат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jbolotov
2018-02-16 21:31:57
Тушунугу колхоз бойдон калган айдоочулар толтурада Бишкекте. Тартып алган молоднц
+11
Атасынын баласы
2018-02-16 21:40:36
Коомдук жайда согунгону учунчу? Билишимче, согунгон учун да берене бар беле?
+9
aman0296
2018-02-17 01:39:34
Атасынын баласы, албетте бар, даже коомдук жайда тукурсок да штраф толойсун
+3
aerforce
2018-02-17 00:24:09
200сом эле айып пул толонот экен все ошол учун туугандар ар бирибиз озубуздон баштайлычы бир аз ката кетирип бир адамдын козун кашайтып анында озундунда тагдырына балта чабылат
+1
Makain
2018-02-17 08:39:30
239 статья болсо 220сом толойт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан