Денесинин 60 пайызы күйүп калган 3 жаш 7 айлык Аруукеге 17-февралда 1-операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын апасы Гүлзат Жылтырова билдирди.
"Аруукеге 17-февраль күнү 1-операция жасалып, бутунан алынган тери аркасына чапталды. Наркоз тараган соң кичине ооруду окшойт, бир аз ыйлаган. Азыр абалы жакшы. Эгер ушундай акыбал сакталса, 2-операциясы эртең же бүрсүгүнү болот. Өзү аябай чыдамкай кыз. Күйгөндө тамыр ичкерип кетет экен, медайым тамырын таппай жатса, "эже, минтип эле киргизсеңиз, мен кыймылдабай чыдап турам" деп жүрөгүмдү оорутту. Элге рахмат, кызымдын ден соолугуна кайдыгер карабай жардам берип жатышат. Элсом электрондук капчыгына 100 миңден ашык, колубузга да ушундай сумма чогулду. Арууке 6-балам, андан кийин бир жарым жаштагы балам бар. Учурда кош бойлуумун, 4 жарым ай болуп калды", - дейт Аруукенин апасы.
Айта кетсек, 3 жаш 7 айлык Аруукеге кайнак суу төгүлүп, денесинин 60 пайызы күйүп, борбордогу 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.