Журналист Элнура Алканова өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча бүгүн, 19-февралда маалымат жыйын өткөрдү. Анда журналистке карата козголгон кылмыш ишин жактоочусу Жыргал Бабаев жөн гана каралоо катары эсептей турганын айтты.
"Элнура Алканованы банктык сырды ачты деп айып коюшканы туура эмес. Анын ишинде эч кандай кылмыштын курамы жок, себеби ал банктын ишмердүүлүгү тууралуу эч кандай маалыматтарды тараткан жок. Ошондуктан ишти кыскарткыла деп өтүнгөм, бирок менин өтүнүчүмдү негизсиз деп табышты", - дейт жактоочу.
Ошондой эле ал аталган иш боюнча банктык, коммерциялык сырлар ачылган же ачылбагандыгы тууралуу бир да жолу экспертиза өткөрүлбөгөнүн кошумчалады.
Ал эми журналист Элнура Алканова ал жасаган иликтөө боюнча коюлуп жаткан айыптарды моюнуна албай турганын билдирди.
"Мен жасаган журналисттик иликтөө Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасындагы сатылган коттедждер боюнча чырлуу бүтүм тууралуу болчу. Ал талкуу жаратып, 2017-жылы 18-декабрда мага эки берене менен кылмыш ишин козгошкон. Бирок мен күбө катары гана суралып келгем. Ал эми 13-февралда мени күнөөлүү деп табышты. Бул менин кечирим суроодон баш тарткандан кийин болду, мага карата козголгон иш саясатташып кетти. Журналистиканын өзөгүн журналисттик иликтөө түзөт, эгер акыйкатты, чындыкты чагылдырган журналисттер керек десеңер анда бул ишти акыйкат карооңорду суранам", - дейт Алканова.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 18-декабрында Башкы прокуратура анын журналисттик материалы боюнча иликтөө жүргүзүп, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.