Чычкан капчыгайында бензовоз жол кырсыгына кабылып, ичиндеги бензин сууга төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 19-февралда саат 11:00дөр чамасында болгон.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында бензовоздун айдоочусу унаасын башкара албай калып, жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Натыйжада алып бара жаткан 35 тонна бензиндин бир нече бөлүгү сууга төгүлсө, бир нече бөлүгү күйүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин 28-январда да Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан дарыясына түшүп, алып бара жаткан күйүүчү майы сууга төгүлүп калган. Натыйжада Чычкан дарыясынан 2 тоннадай балык өлгөнүн, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкен.