Шыкмаматовдун сотунда айыпталуучулар суракка алынды. Сот 27-февралда уланат

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралды. Анын жүрүшүндө айыпталуучулар Шыкмаматов, Жусуп Иманалиев жана Али Юксел суракка алынды.

Суракта алар жок жерден айыпталганын, эч кандай коррупцияга барбаганын айтышты. Анын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүндө эмгектенип жүргөн Германиянын жараны Али Юксел анын соттолуусуна негиз жок экендигин мындайча түшүндүрдү: "Мен башында унааларга баа берүүчү эксперт катары келгем. Шыкмаматов менен тааныш болгон эмесмин. Сот иши башталганда мени күбө катары көрсөтмө бергенге чакырган. Кийин эле кантип айып тагылып калды билбейм", - деди Юксел.

Ал эми Иманалиев болсо: "Мен тендерлик комиссиянын өкүлү катары айтайын, биз, Шыкмаматов экөөбүз эмне унаа алынарын сүйлөшкөн эмеспиз. Жалгыз соттогонго болбосун билгенде мени тендердин төрагасы катары Шыкмаматовго байлаган", - деди.

Ал эми Шыкмаматов болсо мунун баары ага карата жасалган саясий кысым экенин айтты. Андан кийин жумуш убактысы бүтүп калганына байланыштуу сот 27-февралда уланары айтылды.

Белгилей кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан