Бишкекте 11-июнь күнү ырчы Токтобек Асаналиев “Көөнөрбөс казына” аттуу тасмалаштырылган концертин күйөрмандарына тартуулады. Иш-чара шаардагы кинотеатрлардын биринде орун алды. Кинотеатрдын алдына Т.Асаналиевди куттуктап келген жакын санаалаштарынын катышуусу менен чакан концерт уюштурулду. Ырчы Токтобек Асаналиевдин жакында берген концертине 90дон ашык артист, музыканттар катышып, алар 18-кылымдан тартып азыркы учурга чейинки убакыттагы кыргыздардын каада-салтын, кийим-кечегин, уюткулуу өнөрлөрүн жана совет мезгилиндеги жарык көргөн ырларды чагылдырганга аракет кылышкан.