Ирандын соода кемесине Перс булуңундагы Кешм жана Хенгам аралдарынын аймагында кол салынды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып Mehr жана IRIB басылмалары жазды.
Окуядан кемедеги бир адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алган. Кол салууну ким жасаганы азырынча тактала элек.
Кешм аралы Перс булуңундагы эң ири арал болуп саналат. Анын жайгашкан жери Иранга Ормуз кысыгына кирип-чыккан кемелерди көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.