Анжелика: "11 айдан бери кыздарым менен эле жашап жатам. Биздин эки бөлөк кеткенибиз кыздарыма эч кандай таасирин тийгизбейт"

Ырчы Анжелика буга чейин жолдошу менен таарынышып жүргөнүн, ажырашуу максатында арыз бергенин айткан эле. Кийин "жолдошумду коркутуу максатында арыз жазгам" деп мындан аркы жашоосу туурасында ачык айткан эмес. Бул тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй оюн билдирди.

"Жаңылбас жаак болбойт демекчи, буга чейин "коркутуп койдум, таарынганымдан ажырашууга арыз жазгам" дегем. Баарын убакыт таразалап, өз ордуна коёт деп жашообуздун мурунку калыбына келишине үмүттөнгөм. Бирок бири-бирибизди түшүнө албай калдык көрүнөт. 11 айдан бери кыздарым менен эле турам. Ошого карабай үй-бүлөлүк майрамдарда чогулуп, кыздарыбызды туулган күнү менен куттуктап, келген конокторубузду чогуу узатып жатабыз. Ошол себептен биздин эки бөлөк кеткенибиздин кыздарыбызга эч кандай таасири тийбейт. Мурункудай эле апасынын, атасынын жанында, эч нерседен өксүбөй өсүшөт. Биз канча чогуу жашасак, мен ал күндөргө ыраазымын.

Ортого жаман сөз ташып, үй-бүлө ортосуна жарака кетишине салым кошкон айымды кечирдим. Бир жыл мурун белгилүү инсан менен өзү тарткан сүрөттү мени шылдыңдап элге жайылткан айым бүгүнкү күнгө чейин мага өчөшкөнүн койбой келет.

Кылган ишине кайсы бир күнү жооп берчү мезгил да келет. Маңдайга жазган тагдырдан эч кимибиз качып кутула албайт окшойбуз. Бузулган жолду жаңыдан куруп алып кетишиме күчүм жетет", - дейт Анжелика.

Анжеликанын жолдошу менен ажырашуу боюнча арызы 6-март күнү сотто каралат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
nurbekasr
2018-02-25 04:20:17
Анжелика, акча өрттөгөн Алманбет,жана да кумтөрдүн алтындарын тагып алып куурдак кылган кухнядакы келин баардык жерге эле жайнап кеттиңер го.Телефонду ачканда эле силер чыкчу болдуңар.Башка эч жаңылык жок.
0
Kyrgyzkyzy1997
2018-02-25 04:48:07
Бири бирибизди артка тартып жаман создорду айтып журо берели жакшы соз айтып мотивация бере корбогуло куноо болот! Балким Анжелика азыр стресс болуп журбосун аны колдоп бир эки жакшы соз айтканга жарабайсынар браво как будто силердин тоокту уурдап жеп с алган сыпь.Анжелика Аллах буюрса баары ордуна келет.
+3
kyzburak87
2018-02-25 09:30:44
Kyrgyzkyzy1997, мен да Анжеликага боорум ооруду Айчуроктун оозунан Анжелика туйпой калыптыр чон эле аялга уят да эми. Баш манканын баарын баштап коюп озу суудан курук чыгып кеткиси бар го дейм Айчуроктун . Анын да кыздары бар жашоо бумеранг деп коет эмеспи
+1
kyzburak87
2018-02-25 09:32:22
Бир жакшына жашоосун бир эски сактап жургон суротун чыгара коюп бузду ХХХХ.
+1
bantik
2018-02-25 11:04:28
Анжелика сени аял катары тушунуп турам. Оз жашоосун жашай бербей, сенин казан-аягына, тошогуно чейин андып отуруп, сени акыры жолдошун менен ажыраштырды. Бул кундор да отот. Сен бактылуу болосун. Ар бир адам бактылуу болууга милдеттуу. Сен сулуу болгонун учун куноолуу эмессин
+3
burkut100
2018-02-25 11:17:33
Анжеликанын жашоосу ичи тарлыктан, коро албастыктан, устатынан шакирти алдыга озгондуктан бузулду окшойт. Ичи тарлык, коро албастык ооруу алып келет. Оорукчан болуп калуу Кудайдын эн чон жазасы.Ошондуктан бул сапаттан арылып, озубузго ден соолук тилейли!!!
+1
burkut100
2018-02-25 12:22:45
Уй-булону куто билиш озунчо искусство да озу
+4
vikidiki
2018-02-25 13:42:56
Кыздарынар учун жарашкыла, колдон келсе. Айчурок эжени деле жаман коруп калдым, Анжелика жонундо суйлобой деле койсо болмок. Кимден куноо кеткенин ким билет? Анжелика деле ото пиар кылбай эле койсо болмок уй булосун.
+1
mama.i.synochka
2018-02-25 16:06:33
Болду буттуго не кылат элге жайып оз ара чечишсин. Же Анжелика жонундо соз токтоп калганга пиар кылып атабы....
+3
Aseltay
2018-02-25 17:18:56
Анжеликаны куйоосу жакшы корсо жарашат себебин Урмат озу билет
+1
Aseltay
2018-02-25 17:19:59
Урмат душмандарынарга алдырба эн негизгиси уйбуло
+1
Nanei
2018-02-25 22:11:13
Бул жерден Анжелика жаш болуп алданып калды окшой,15-16кезинде чон эле аял менен журду,бал тилине алданып суротко тушо берди окшойт ошол уезде кийинкисин ойлогон жок да,жаш неме,ИИ ушунтип тушот тура суротко дей берсе керек.
-2
sher.
2018-02-25 23:57:51
Анжелика! Айдын 15и жарык, 15и карангы дейт. Эч качан чокпо, сабырдуу бол. Бул да болсо Кудайдын сыноосу деп бил.Сен Урматсыз деле коп ийгиликтерге жетесин, жетип келгенсин. Сен багындыруучу ийгиликтер али алдыда! Алмончоктой кыздарын бар- ошолор сенин бактын. Кыздарынынын, апанын, озунун ден соолугуну берсин. Бул кундор да отот . Бирок ушундай сыноо башына тушкон убакта Урматтын сени жалгыз калтырганы эркекке тиешелуу эмес сапат деп ойлойм.
0
Zaina333
2018-02-26 12:38:08
"Сени баары бир ажыраштырып тынам" деген максатына жетиптир да АЙЧУРОК
+1
kydyrova_71
2018-02-26 12:40:03
Анжелика министр боло турган кыз. суйлой алат ишин билет, колу ачык.
-3
Gulnazza92
2018-02-27 21:39:48
интервью бербей эле оз алдынча чечип алышса болмок коркуттум уркуттум дебей эле ар бир инсандын жашоосу озуно тиешелуу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан