Германиянын Дюссельдорф шаарында өткөн дзюдо боюнча "Dusseldorf Grand Slam-2018" эл аралык мелдеште Кыргыз дзюдочу Бекболот Токтогонов коло медалдын ээси болду.
100 килограммдан жогорку салмак категорияда Кыргыз өлкөсүнөн Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий аттанган. Анда тандап алуу этабында Токтогонов румыниялык Влэдуц Симьонескуну жана украиналык Станислав Бондаренкону жеңип, бирок орусиялык Андрей Волковго жеңилип калды. Көңүл жубатуучу этаптын алгачкы беттешинде Болот Токтогонов монголиялык Дууренбайар Ульзибайарды жеңип коло байге үчүн беттеше турган болду. Коло байге үчүн беттеште Болот Токтогонов Юрий Краковецкий менен күч сынаша турган болду. 4 мүнөт 53 секунддук таймаштын жыйынтыгында Краковецкий 3 жолу эскертүү алып, жеңилүүгө аргасыз болду. Болот Токтогонов коло медалды тагынса, Юрий Краковецкий 5-орунду ээледи.
Айта кетсек, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 7 спортчу катышкан. Ишен Аманов, Фарух Булекулов, Эрлан Шеров жана Бектур Рысмамбетов алгачкы атаандашынан жеңилип калса, Артур Те 2 беттеште жеңишке жетип, чейрек финалда жеңилүү ызасын тарткан.