Орусиянын Камчатка крайында 24 жаштагы Кыргыз жараны 15 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20-февралда Кыргыз жараны 15 жаштагы кызды батирине конокко чакырган. Ал өзүнүн каалоосун канааттандыруу максатында зомбулук көрсөтпөстөн, кызга карата ыплас аракеттерди жасаган. Мындан улам 15 жаштагы кыз адеп-ахлактык моралдык зыян тарткан деп Кыргыз жаранына кылмыш иши козголуп камакка алынган.