Өзгөндөгү мечитте болгон окуядан жабыркаган Дилмурат Ильяхунов айылда 12 жыл имам болуп иштегенин, окуя эмнеден улам келип чыкканын SUPER.KG'ге билдирди.
"Мен Красный-Маяк айылында 2001-жылдан 2013-жылга чейин имам болуп иштегем. Андан кийин жеке жумуштарым боюнча Бишкек шаарында иштеп жаткам. Окуя дүйшөмбү күнү бешим намазынан кийин болду. Намаз окулуп бүткөн соң берки жаран "отургула, сүйлөшө турган сөздөр бар" деп, андан ары "садага чогултулган сандыктан акча жоголуп жатат" деди. Негизи 4 ай мурун акча чогулган сандыктын ачкычын ошол адамга тапшыргам. Себеби буга чейин чогултулуп келген акча жоголуп кетип жаткандыктан карап бербейсизби деген элем. Анан мен ага акыркы айларда ачкыч сизде болуп жатат да десем, ал кайра менден күмөн санап "сен бул жакка келип намаз окуба, имам болбо" деген сөздөрдү айтты. Анан мени 8-9 жолу уруп, "жүрү эшикке, эркекче сүйлөшөлү" деди. Мен анын артынан чыктым, эгер алдында бассам, мени бычактап салат беле?.. Ким билет?.. Эшикке чыккан соң колума, анан көзүмө бычак сайып салды", - дейт Ильяхунов.
Бычак имамдын чыканагынын астына сайылып, тамырларын кесип кеткен. Дарыгерлер 1 жарым жылга чейин колу жумушка жарабай турганын айтышкан. Ошондой эле аны дин кызматкери болгон эмес деген маалыматтар туура эмес экенин айтып, 12 жыл айылдагы мечитте имам болуп иштегенин айыл эли жакшы биле турганын кошумчалады.
Ильяхунов окуяга шектелип кармалган жаранга "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонуна нааразы экенин билдирди.
Буга чейин Ош ОИИБи Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурунда жаңжал чыгып, мурдагы имам бычактан жаракат алганын кабарлаган. "Кылмышка шектелип кармалган 64 жаштагы жаран мурда да соттолгон, ага карата 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирген Ош ОИИБинин маалымат кызматы.
SUPER.KG порталы окуя тууралуу экинчи тараптын да пикирин угууга даяр.