Өзгөндөгү мечитте бычактан жаракат алган жаран дин кызматкери болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Ош облусунун казысы Самидин Атабаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Бычактан жаракат алган адам мурда дин кызматкери болгон эмес. Окуя тууралуу болсо, ал күнү мечитке намаз окуганы келген эки жаран зекетке тиешеси жок эле каза болгон жергиликтүү тургунга куран окутуу үчүн чогулган акчаны талкуулап жатып чатакташа кетишкен", - дейт казы.
Айта кетсек, буга чейин Ош ОИИБинен Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитте эки адам жаңжалдашып, бири бычактан жаракат алганын кабарлашкан. Анда жаракат алган жаран ошол мечиттин мурдагы имамы экени айтылган.