Ошто дарыяга агып кеткен 44 жаштагы адам дале табыла элек

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дарыяга агып кеткен 44 жаштагы адам дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кечээ, 28-февралда эртең мененки саат 9:00дөн баштап саат 17:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок дарыяга агып кеткен адамдын денеси табылган эмес.

Ошондой эле басма сөз кызматынан ал жаранды издөө иштери бүгүн, 1-мартта да улантыларын кабарлашты.

Айта кетсек, буга чейин ӨКМдан Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылы аркылуу өткөн Тар дарыясына 44 жаштагы М.М. аттуу жаран агып кеткенин кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
emir2008
2018-03-01 11:52:13
Урматтуу автор! Жанылык жазганынарда темасындагы жердин атын тагыраак корсотсонор. Ош шаарында же Ош облусунда деп.
0
almanbetperm
2018-03-01 11:55:13
emir2008,дагы жакшы ошто дептир,кыргызда деп койсо кормоксун тушунбой кайсы жеринде экен деп
0
emir2008
2018-03-01 18:16:37
Макаланы жазганда темасында тактык болсо деген ойдо жаздым. Кайсы жерде экендиги тексттен корууго болот.
0
Ramis.Ramis.kg
2018-03-01 12:08:47
emir2008,Ош Областы Кара Кулжа району Капчыгай айыл окмоту Терек Суу айылында болгон окуя менин жездем эле табылбай атат.
+1
bond02
2018-03-01 15:14:40
азыр ал дарыяда адам акпаса керек дейм, суу аз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан