Депутат Данияр Тербишалиев унаалардын алдынкы айнегин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады

Бүгүн ЖКда депутат Данияр Тербишалиев унаалардын алдынкы айнектерин караңгылатып жүрүүсүнө уруксат берүүнү, бирок ал үчүн айдоочу мамлекетке кайсы бир өлчөмдө акча төлөшү керектигин сунуштады. Тербишалиев алдынкы терезеси караңгылатылган айдоочуга 100 доллар төлөтсө болорун мисал кылды. Депутат мындай жол менен мамлекеттин казынасына кошумча каражат түшө турганын белгиледи. Эл өкүлү "айрым депутаттар толук караңгылатылган унаа курал-жарак алып жүрүүгө жол ачат" деген пикирде экенине токтолуп, "Азыр арткы айнекти караңгылатууга уруксат берилген. Курал алып жүрөм десе, салондун арт жагына салып деле жүрө берет" деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан