ЭЛДИК КАБАР: Ошто маршруттук таксинин айдоочусу рулду башкарып баратып, ютубдан видео көрүп жатты

Ош шаарында №145-маршруттук каттамдагы таксинин айдоочусу рулду башкарып баратып, ютубдан видео көрүп жатты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчүлөрдү ойлобойбу?! Телефонго азгырылып баратып кырсыкка кабылып калса эмне болот?!" - деп нааразы окурман.

Айта кетсек, буга чейин Бишкекте телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздаган кичи автобустун айдоочусу Административдик кодекстин 239-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ошто маршрутка айдоочусу айдап баратып Ютуб көрүп атты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
buran12
2018-03-02 14:17:37
Смартфон кетти дей бергиле ошко март айынын женичуусу!!!
+9
vavilon.
2018-03-02 14:23:57
Бишкектеги жеңүүчүнү көрүп жөнөткөнго бир болсо.
-11
Makain
2018-03-02 14:50:37
Уят чон осурса деле жоното бергиле
-13
nemo2016
2018-03-02 14:54:18
жоопкерчилуукту болуш керекта эмне картошка жуктоп кетип жатабы кайдыгер болбогулачы туугандар биз жол кырсыгынан кырылып жатпайбызбы уйуно барып корсо деле жетишет чара коруш керек мындай жоопкерсиздиктерге
+11
topi
2018-03-02 15:13:06
Saga smartfon jok bashka nerse oylop tap
-5
temirov76
2018-03-02 15:14:41
Кеп смартфондо эмес жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жөнүндө болуп жатат.
+8
datkayimjan
2018-03-02 15:25:34
Биздин маршрутка айдаган айдоочулар ото эле акылдуу. Аны мындан билиниз,бир убакта эле телефон деле чукулай беришет,аялдамасы жок жерлерге токтоп жургунчу алып же тушуро беришет,жургунчулордун акчасын алып,сдачасын кайтарганга да жетишишет
+1
Paprikafm
2018-03-02 16:07:43
Жоопко тартылабы жокбу, жообун жазып коюнуздар
+3
nurbekasr
2018-03-02 16:30:21
Болду эми экинчи жолу утук болбойт,кечээ бирөө илип кетти.Кийинкиде мен да бир маршруттук такси айдаган таанышыма астына ноутбук коюп берип камерага тартып жөнөтбөсөм болбой калды.Кийин бөлүп алабыз пиризди.
0
vavilon.
2018-03-02 16:41:09
nurbekasr, телефон да эмес ноутбук дегин ))
0
jaskaaa
2018-03-02 19:36:55
nurbekasr,Өзүнчө смартфон саясатка айландырып алгансынаргоо. Автор жакшы эле ойдо тартипке салуу максатында жөнөткөндүр.Колунардан келсе жөнөткүлө тартып бакылдай бербей.
0
Beks.Kasymov
2018-03-02 17:36:18
145 ти кобунчо туугандар айдайт))
-1
Djal1987
2018-03-02 17:53:59
Beks.Kasymov,тууган эмес душман
-1
BBB88
2018-03-02 21:17:06
Жоопко тартыш керек созсуз...кобуроок айып пулга жыгыш керек..
0
abon
2018-03-03 08:53:51
"Туугандар-Душмандар" Сонунго. эки эл бири бирине фашист немис болуп жашаб жатабыз экенда а. Бир жерде кылымдардан тарта жашап эч жакшы коро чыгыша албадыда бири бирин. Ошону учунда бизде алдыга умтулуу жокта. баары бири бирин чукуп туруш керек! Ошол душман-тууган деген ойлор дагы тушунугу жок адамдардан чыгат го. Эми мени жаман корбогуло. Ынтымак менен бололу!
0
Toliksynchy
2018-03-03 10:39:40
Мейли алсын смартфон мен деле алгам Эмнеси бар экен бул видеодо жол коопсуздугун сактаган жок го айдочу
0
abon
2018-03-03 14:56:27
адамдарга тан калам го. [moderated]тан видео корсо да зато эчкимду сузо кетейин дебептирго, оз жолунда эле трезвый жана туз баратат.
0
Asyl.jazi
2018-03-03 21:25:58
Бул айдоочу да жумуштан кете албай жүргөн окшойт да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан