Экс-президент Роза Отунбаева жарандык коомчулуктан түзүлгөн кеңеш 2020-жылга чейин КСДПга каршы туруучу саясий күч болуусу керектигин белгиледи. Бул тууралуу 2-мартта өткөн тегерек столдо билдирди.
Экс-президенттин айтымында, коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандык коом да өз салымын кошуу керек.
"Президент Сооронбай Жээнбеков 6 жылдык өлкө башчылыгына жаңы келди. Ошол 6 жылда өлкөнү кайсы багытка алып барат деп күтпөстөн коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандык коом да салым кошуу менен 2020-жылга чейин КСДПга атаандаштык түзө алгандай саясий күч түзүлүш керек. Жарандык кеңеште айтылган сөздөр сөз бойдон калбастан, демилгелерди ишке ашыруу керек. Алгач биз демилгелеп жаткан кеңештик топ талаптарын бышыктап алуусу керек", - деди Отунбаева.