БШК Фархат Иминовду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Фархат Иминовдун ыйгарым укуктарын токтотту. Мындай чечимди БШКнын мүчөлөрү бүгүн, 3-мартта кабыл алды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Иминовдун буга чейин фракциянын курамынан чыгуу боюнча арызын, "Республика-Ата Журт" фракциясы канааттандырганын айтып, анын мандатынан баш тартуу боюнча арызын канааттандырууну суранды. Мындан улам БШКнын мүчөлөрү Иминовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууну бир добуштан колдоду.

Белгилей кетсек, буга чейин Фархат Иминов өзүнүн депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Фархат Иминов мандатын тапшыруу боюнча арызды 1-мартта жазган. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев Иминовдун ордуна Марлен Маматалиев депутат болуп келиши мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан