Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз балбаны Муслим Евлоев алтын медалды багындырып, Азия чемпиону аталды

Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Муслим Евлоев алтын медалды жеңип, Азия чемпиону болду.

74 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Муслим Евлоев финалдык беттеште монголиялык балбан менен күч сынашты. Муслим Евлоев өз чеберчилигин көрсөтүп, атаандашын 13:1 эсеби менен утуп алды. Муну менен Муслим Евлоев Азия чемпиону аталып, кыргыз капчыгына 2-алтын медалды алып келди.

Айта кетсек, буга чейин балбан Акжол Махмудов алтын медалды багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kyialbek.a
2018-03-04 19:32:53
Молодец!!!
+3
Akabai
2018-03-04 19:33:05
Красавчик!!!
+3
TazaKyrgyz
2018-03-04 19:38:04
Азаматсын азаматтттт!!!!
+2
almanbetperm
2018-03-04 19:46:23
Видеосу болсо сонун болмок
+1
Dalil
2018-03-04 19:47:38
Азаматсың Муслим.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан