Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев бүгүн, 13-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, 17-21-июль күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык деңгээлдеги “Мейкин Азия” фестивалы болорун маалымдады. “Фестивалда 20 чакты Азия, Европа өлкөсүнүн алдынкы ырчылары, андан сырткары Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай, Япониянын эстрада жылдыздары катышмакчы. Бул фестиваль бир гана өлкөбүздө эмес, түркиялык ТРТ каналы аркылуу 25 дүйнөдөгү 25 мамлекетке түз берилип турмакчы. Бул фестиваль менен биз дүйнөгө Кыргызстандын имиджин көрсөткүбүз келет”,- деди министр.