"Бутумду торпок тебелеп кийин ал ракка айланып, бутумду кестирдим. Азыр ай сайын 40 миң сомго чукул акчага дары алып жатам" дейт Оштун тургуну

Ош облусунун Кара-Суу районун 28 жаштагы тургуну Гүлзада Сагынбаеваны кош бойлуу кезде бутун торпок тебелеп кеткен. Ал жаракатка көңүл бурбай жүрүп, кийин ракка айланып кеткендигин айтат.

"2010-жылы турмушка чыгып, улуу балам боюмда бар кезде торпок бир бутумду тебелеп кеткен. Бир аз ооруп жүрдү, бирок ага көңүл деле бурган эмесмин. Баламды төрөдүм, бутумдун ооруганы деле билинбей калгандыктан, мен ал окуяны унутуп калгам. Кийин 2011-жылы Орусиянын Москва шаарында иштеп жүргөн күйөөм менен чогуу иштеп келейин деп бардым. Башында жакшы эле иштеп жүрдүм, кийин бутум ооруп, шишип баштады. Ал учурда 2-балам боюмда бар эле, жумуштан чыгып, Кыргыз жергесине кайтып келүүгө аргасыз болдум.

2012-жылы рентгенге тарттырсам, дарыгерлер "бутуңуздун баш бармагынын сөөгү чирип кетиптир, жаракат алдыңыз беле?" деп сурашты. 2 жыл мурун торпок тебелеп кеткенин айтсам, "ошондон улам оору күчөп кеткен, азыр кош бойлуу кезде чоң операция жасаганга болбойт, ириңдеп кетпеши үчүн кичи операция кылып турабыз" дешип, сөөктү тазалашты", - дейт Гүлзада Сагынбаева.

Операция жасалгандан кийин бир нече убакыттан соң дарыгерлер бутунун сөөгү карайып бара жатканын, ага байланыштуу дагы операция жасоо керектигин айтышкан. 2-баласы төрөлөрү менен бир айдан кийин дарыгерлер бутунун баш бармагын кесип салышкан. Бирок ага карабастан буту улам ириңдеп, шишип, дарыгерлер шишикти бир нече жолу кесишкен, бирок кесилгенден кийин да шишик кайра өсүп кете берген.

Ошто дарыгерлерге кайрылып, ооруканаларга жатып дарыланса да баары натыйжасыз болуп, балдак менен басып калган. Шишик бутунун башка бөлүктөрүнө да тарай баштаганда Бишкекке келип анализ тапшырган. Анын жыйынтыгында рак илдети менен ооруп жүргөнү белгилүү болгон. Дарыгерлер химиялык дары-дармектер менен дарыланышы керектигин айтып, Бишкекте бир аз дарыланган соң, борбордо жакындары жоктугуна байланыштуу Ошко кайра кетип калышкан.

"Ошто дары саткан бир фирманын кызматкери жолугуп, ал "ракты айыктырат" деп ишендирип бизге бир топ дарыларын сатып жиберди. Тапкан акчабыздын баарына 4 ай бою ал адамдан дары сатып алып, химиялык дары-дармектерди колдонбой калдым. Бир күнү бутумдан кан ага баштады. Көрсө, мага дары саткан адам "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып кетиптир. Ал берген дарылар сакайтпай эле ооруну күчөтүп жиберген экен. Бул окуяны дарыгерге барып айтсак "кызыңды өлтүргүң келип жатабы? Бишкекке алып барыңыз тезирээк" деп апамды, ага кошуп мени да жемеледи. Бирок Бишкекке барганга жадакалса жол киреге акча таппай, тааныш дарыгер Оштон эле операция жасоону, бул ооруудан арылуу үчүн бутту кесип салуу керектигин айтты. Жан чыдагыс оору кыйнап андан кутулуу үчүн баарына макул болуп калгам. Бир жумадан кийин бир бутумду жоон сандан кесип салышты", - дейт ал.

Андан сырткары ал ооруканадан чыккандан кийин ай сайын дарылануунун курсунан өтүүсү керектигин, ага бир айда 40 миң сомго чейин акча коротуларын айтат.

Гүлзаданын ден соолугуна кайдыгер карабай, жардам беребиз дегендер үчүн байланыш телефондору: 0773 73 42 41.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KOCMOC
2018-05-14 18:15:17
Эхх, убагында конул бурса мындай болбойт беле ((. Жакшы болуп кетиниз, Аллахым шыпаасын берсин.
+8
momun74
2018-05-14 18:26:26
кыргызбызда журо беребиз ар бир нерсеге кылдат мамиле кылып убагында дарыланса жакшы болмок ии булда жараткандын мээнетида айыгып кетишин каалайбыз
+6
Kyialbek.a
2018-05-14 18:31:02
Алла шыпаа берсин кыргызбызда
+2
aman0296
2018-05-14 21:07:23
Ракка эч кандай чоп соп, дары жардам бербейт. Химиядан башка польза эок
0
kalpak.kg92
2018-05-14 22:52:55
Аллагана беруучу Аллагана алуучу
0
raia
2018-05-15 08:47:41
Эмне учун 40000 мин анча болбосо керек...
Бирок азыркы биздин медиктер уялбастан 100000 мин деле алып койот.Химиянын турлору коп бирок издесен табасын.Колдорунан алсан асмандын башы.Мына кыз ачык айкын жазып чыгыптыр ушу менен деле минздрав текшерип,бечара момун кыргыздарыма,рак менен ооруган адамдардын акыбалына жардам берсе болот.Ансыз да оору жанын кыйнап турса бир жагынан даары дармекке акчасы жетпей турса мындан откон азап жок да.Жадагалса шпирцинен бери сатып аласын.Бир кана туалети
0
raia
2018-05-15 08:56:00
обойсун.Ал да жакшы эмес эгер жакшыраак болсо ага деле толотмок.Карап туруп кыйналганынан бечара рак менен ооруган адамдарга мамлекеттен эч жардам жок экен да деп капа болосун.опреция болгондон кийин сурашкан акчаларынан чачын тике тике турат.Ал эми химияны айтпай эле койойун.Болбосо Москвада 1500 дон кээ бирин тапсан болот.Бишкекте 3 400.Биздин Ошто 4000 бул аптиекадагысы.Ал эми колдогусун рак менен ооругандар кана жана врачтар кана билет...
+1
raia
2018-05-15 09:01:11
Айласыз журогун ооруп турса да кендирин кескен акчадан кыйналып турсан да алтын колду врачтарга ракмат деп кайра кайра раазы болосун.Аман калганына суйуносун...
Бирок текшерип тартипке салбаган минздравтагыларга ач коз кылып остургон ата энесине наалат деп аргасыз ойлоносун.Акыретин ойлобогондоруна тан каласын...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан