Бишкекте даярдалган 1 тонна 464 килограмм беш бармак менен 117 метрлик чучук "Гиннесстин рекорддор китебине" кирери же кирбеси 15 күндүн ичинде белгилүү болот. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор китебинин" Кыргыздагы өкүлү Солтобек Болотбеков даярдалган азыктарды шаар тургундарына таратуу учурунда айтты.
Анын билдирүүсүнө ылайык, мындай көлөмдөгү улуттук тамактарды даярдоо учурунан жана даярдалгандан кийинки көрүнүштөр сүрөткө, видеого тартылып алынган. Эми алар "Гиннесстин рекорддор китебине" сунушталат.
"Жиберилген материалдардын негизинде бизге жооп 10-15 күндүн ичинде келип калат. Биз даяр болгон беш бармакты атайын таразага тарттык. Анын салмагы 1 тонна 464 килограммды түздү", - деди Болотбеков.
Ал эми уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева беш бармактын салмагы 1464 килограммга жеткенин, чучуктун жалпы узундугу 117 метрди түзгөнүн кошумчалады.
"Беш бармак 2 тонна салмакка чейинки жүктү өлчөй ала турган атайын сатылып алынган таразага тартылган. Анда анын салмагы 1 тонна 464 килограммды түздү", - дейт Кулуева.
Буга чейин маалымдалгандай, баш калаадагы "Аю гранд комфорт" соода борборуна бүгүн, 11-мартта көптөгөн шаар тургундары топтолгон. Алар "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн даярдалган 1 тонна беш бармак менен 110 метрлик чучуктан ооз тийүү үчүн келишкен. Уюштуруучулар тарабынан келген тургундарга беш бармак, чучук, боорсоктор таратылды. Иш-чара концерттик программанын жана түрдүү азык-түлүктөрдүн жарманкесинин коштоосунда өттү.