Бүгүн шаардык сот депутат Шыкмаматовдун ишин кароону улантат

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ооруканадан чыгарылып, үй шартында дарыланууда. Мындан улам бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык соту анын ишин кароону улантат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге депутаттын жардамчысы кабарлады.

5-марттагы отурумда Шыкмаматов инфаркт коркунучунан улам ооруканага жатканы белгилүү болгон. Жактоочусу Чынара Жакупбекова буга байланыштуу соттон ишти кароону жылдырып туруу өтүнүчүн келтирген. Жыйынтыгында сот иши 13-мартта улантылмакчы болгон.

Бүгүнкү сот отурумунун жүрүшүндө айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгышат жана акыркы сөзүн сүйлөшөт. Андан кийин сот жараянына ылайык соттун чечими угузулат.

Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан