Эми WhatsApp тиркемесинде мурда жиберилген билдирүүнү өчүрүүгө болгон мүмкүнчүлүктүн убактысы узартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, мурда WhatsApp тиркемесинин түзүүчүлөрү СМСти "бардыгынан өчүрүп салуу" жаңы функциясын киргизген. Башкача айтканда, эгер сиз бирөөгө туура эмес билдирүү жазып алсаңыз, ал ачып караганга чейин дароо өчүрүп жетишсеңиз болот. Андан соң жиберилбеши керек болгон билдирүүлөрдү басып белгилесеңиз, экрандын башындагы оң жак бөлүгүнө түрдүү варианттар чыгат. Арасынан "өчүрүү" белгисин тандасаңыз "өзүмдөн өчүрүү", "баш тартуу", "бардыгынан өчүрүү" деген варианттар пайда болот. Арасынан керектүүсүн тандоону басканда билдирүү өчүрүлөт. СМСти өчүрүү үчүн 7 мүнөт гана берилчү.
Эми сиз өзүңүздүн WhatsApp тиркемеңизди жаңыласаңыз СМСти өчүрүү үчүн 1 саат 8 мүнөт берилгенин көрө аласыз.