Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында түшкөн кар көчкү жакынкы 3 күндө тазаланып бүтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча кар көчкү жакынкы 3 күн ичинде тазаланып бүтүп, каттам ачылат.
"Азыр кар көчкүнү тазалоо иштери башталып, жеринде 3 техника иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча кар көчкү жакынкы 3 күндүн ичинде тазаланып бүтүп, каттам ачылат.
Учурда Бишкек шаарынан түштүктү карай багыт алган 250 жеңил унаа жана 40ка чукул жүк ташуучу унаа Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда токтотулуп турат. Ошондой эле бир нече унаа Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда да турат. Ал эми көчкү түшкөн Чычкан капчыгайынын Көчкүлүү-Булак участкасында түштүктү карай бара жаткан 40ка чукул унаа токтоп турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында 2 миллион 500 миң метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшкөнү кабарланган.