Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн бөлүгүндө кар көчкү түшүп каттам жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, кар көчкүнүн көлөмү 2 миллион 500 миң метр кубду түзсө, бийиктиги 50 метрге, узундугу 250 метрге жетет.
"13-мартта саат 22:40тар чамасында Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолун толук жаап калган. Азыр каттам толук жабылды. Учурда Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаары аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна блок-посттор коюлду. Алдына ала маалыматтар боюнча каттам 2 күнгө чейин жабык болуусу мүмкүн", - дейт Айбек Сатыбалдиев.
Ал эми ӨКМнын билдирүүсүнө караганда, алдын ала маалыматтар боюнча кар көчкүдөн жабыр тарткандар жок.