Чүйдө жакындары тарабынан сабалган делген 8 жаштагы кыздын иши боюнча өгөй энеси камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул иш боюнча 12-мартта 105-берене (саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кечээ, 13-мартта түштөн кийин 8 жашар кыздын өгөй энеси убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда кыздын башка жакындарын да суракка алуу иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 8 жаштагы кыздын сабалганы кабарланган. Кыз видеодо аны өгөй апасы чөмүч менен башына койгулап урганын, кийин отургуч менен сабаганын айтып берген. Ал нан уурдап жеген учурда ага үйүндөгүлөр тамак бербей коюшарын кошумчалаган.