Чычкан капчыгайында түшкөн кар көчкүнүн жанында туруп калган унаалардын жүргүнчүлөрү көчкүнүн үстүнөн алып өтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
"Кандайдыр бир зарыл жумушу бар, шашылган адамдар болсо, көчкүнүн үстүндө адам өтө ала тургандай болуп ачылган жол менен алып өтүлүп жатат. Аларды башка таксилер төмөндөн чыгып келип алып кетип жатышат. Учурда баш аягы 30га чукул адам алып өтүлдү", - дейт Айбек Сатыбалдиев.
Айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн бөлүгүнө кар көчкү түшүп, каттам жабылган. Транспорт жана жолдор министрлигинен каттам 3 күндөн кийин ачыларын, кар көчкүдөн түштүктү карай бара жаткан 40ка чукул унаа өтө албай турганын билдиришкен.