Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында чалгындоо кызматынын башчысы жана анын кызынын ууландырылышына байланыштуу 23 орусиялык дипломатка бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле Британия Орусия менен түзүлгөн жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды токтотуп, Орусияда өтчү футбол боюнча мелдешке катышпайт. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго жиберген чакыруусун кайра артка алып, Лондон жеке учактарга көзөмөлдү көбөйтүп, бажыда текшерүү күчөтүлөт.
12-мартта британ өкмөт башчысы мурдагы орус чалгындоо кызматынын башчысы жана анын кызы ууландырылганда колдонулган уулуу зат боюнча 24 сааттын ичинде түшүндүрмө берүүнү Москвадан талап кылган. Ал эми 66 жаштагы Сергей Скрипал менен 33 жаштагы кызы Юлиянын абалы дагы деле оор бойдон экени маалыматта айтылат.