Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылганына байланыштуу билет бааларына өзгөртүүлөр кирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолу толук жабылганына байланыштуу ата мекендик авиакомпаниялар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча учак билеттерин 3000 сомдон жогору сатпоо чечимин кабыл алышты. Баага коюлган өзгөртүү 14-марттан 17-мартка чейин сакталат.
Эске салсак, 14-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында 2 миллион 500 миң метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшкөнү, жол тазалоо иштерине байланыштуу 3 күнгө убактылуу жабылганы кабарланган.