Бириккен улуттар уюмунун 2018-жылдын 14-мартында жарыяланган "The World Happiness Report" докладына ылайык Финляндия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды.
БУУнун бул изилдөөсүнө дүйнөнүн 156 мамлекети катышкан. Анда атайын топ өлкөдөгү социалдык колдоонун, маянанын, паракорчулуктун, саламаттыкты сактоонун көрсөткүчтөрүн изилдеген.
"Финляндия алгачкы жолу биринчи орунга чыгып жатат. Былтыркы жылдын лидери Норвегия быйыл экинчи орунда", - деп айтылат докладда.
Эң бактылуу өлкөлөрдүн катарын Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия толуктаган. Бул өлкөлөрдө адамдын жашоосу жана бактылуу болушу үчүн чыныгы мыкты шарттар түзүлгөнүн изилдөөлөр аныктаган.
"Эркиндик, социалдык жактан камсыз болуу - бул адамдын бактылуу өмүр сүрүшүнүн негизги себептери. Аталган өлкөлөрдө жашоо деңгээли жогору экенин, алар дүйнөдөгү эң кымбат салыктарды төлөй тургандыгын эле карап билсе болот", - деп билдирген Копенгагендеги бакытты илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Мейк Викинг.
2017-жылы 98-орунда болгон Кыргыз өлкөсү быйыл рейтингдин 92-сабына илинген. Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен 44-орунда турган Өзбекстан алдыда келе жатат. Анын артында 60-сапты ээлеп Казакстан бар. Түркмөнстан 59-орундан 68-орунга жылып кеткен. Тажикстан бир жыл ичинде 16 сапка көтөрүлүп 80-орунду ээледи.
"Эң эле бактысыз" болуп Түштүк Судан (154-орун), Борбордук Африка Республикасы (155-орун) жана Бурунди (156-орун) эсептелди.
Эң бактылуу өлкө аталган Финляндиянын аянты - 338 миң 30 чарчы чакырым. Калкы - 5 миллион 176 миң адам. Бул өлкөнү Финляндия деп аны көп кылымдар бою ээлеп келген шведдер атаган. Бирок финдер өз өлкөсүн Суоми, башкача айтканда, саз өлкөсү деп аташат. Чынында анын аймагынын үчтөн бирин саз ээлейт. Бирок Финляндия көлдөрдүн да өлкөсү. Мында 60 миңге жакын көл бар. Алардын арасында өтө эле кичинелери да, орто жеринен эки жээги көрүнбөгөндөр да бар. Көлдөрдү бириктирген дарыяларга гидроэлектр станциялары курулган. Кар эриген кезде көл менен дарыялардан карагай агызылат. Финляндиянын деңиз жээктери булуң-буйткалуу келип, майда аралдар өтө көп. Өлкөнүн аймагынын ондон жети бөлүгүн токой ээлейт. Бул жерде карагай, кызыл карагай, кайың өсөт.
Токойлорунда түлкү, коён, тыйын чычкан, арс чычкандар жашайт. Карышкыр, аюу, сүлөөсүндөр азыр сейрек учурайт. Дарыяларда, көлдөрдө, деңиз жээктеринде балык көп. Кендерден темир жана жез рудалары казып алынат. Финляндия гранит, кум, карагай сыяктуу табигый курулуш материалдарына бай. Финляндия - өнөр жайлуу өлкө. Токой - өлкөнүн негизги байлыгы. Финляндияда жыгачтан алууга мүмкүн болгон нерселердин бардыгы - целлюлоза, кагаз, эмерек, жасалма жибек жана спирт өндүрүлөт. Поезд жана океан кемелери менен бул товарлар көп өлкөлөргө ташып жеткирилет. Өнөр жайынын башка тармактары да өнүккөн. Заводдорунда рудадан металл эритилип ар түрдүү станоктор, машиналар жасалат, верфтеринде кеме курулат.
Финндер токойсуз жерлерге эгин айдашып, иштетүүгө кыйын таштак жеринен, аба ырайынын катаал шарттарына карабастан арпадан, буудайдан, ал тургай кант кызылчасынан да мол түшүм алышат. Айыл чарбасында негизги орунду сүт багытындагы мал чарбачылыгы ээлейт. Дөңсөөлөрдүн беттери, саз жана көл жээктери малга эң сонун жайыт. Финндердин улуттук өзгөчөлүгү жөнүндө сөз болгондо алардын лыжа тебүүнү сүйө тургандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Лыжа алар үчүн спорт гана эмес, катнаш каражаты да болуп эсептелет. Улуттук маданияты бай. Көптөгөн ырлардан турган "Калевала" эпосу бүткүл дүйнөгө белгилүү. Финн композитору Ян Сибелиус дүйнөдөгү улуу композиторлордун бири.
Финляндиянын борбору - Хельсинки шаары. Деңиз жээгинде аскалуу, токойлуу майда аралдар курчаган жарым аралдан орун алган. Азыркы замандын көптөгөн кооз үйлөрү эски архитектуралык эстеликтер менен айкалышып турат. Хельсинкиден башка Турку, Тампере, Лахти, Оулу деген ири шаарлары бар.