Амина Юсурова: “18 сулуу катышкан фестиваль Кыргызстанды дүйнөгө таанытат”

“18 сулуу катышкан фестиваль Кыргызстанды дүйнөгө таанытат. Фестиваль аркылуу туризмди өнүктүрө алабыз”. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин тең төрагасы Амина Юсурова билдирди. Айта кетсек, учурда Бишкекте “Сулуулар жана моделдер-2013” фестивалы башталууда. Иш-чарага 18 өлкөнүн сулуулары чакырылды. “Алгач 60тан ашуун өлкөнүн сулуусуна биздин фестивалга катышуу үчүн кат жөнөткөм. Бирок тилекке каршы, көпчүлүгү келе алган жок. Бул иш-чараны уюштуруп жатканыбыздын себеби дүйнө биздин өлкөнү таанысын, бизде да чоң масштабдуу иш-чаралар өтүп, маданият өнүккөнүн байкашсын деген максатты көздөп жатабыз”,- деди Юсурова. Анын айтымында, конгресс 52ден ашуун өлкө менен тыгыз байланышат. Мындан улам конгресске мүчө болгон ар бир өлкө жылына дүйнөлүк деңгээлде чоң масштабдуу иш-чара өткөрүшү керек. Мына ошондой иш-чараларды бири “Кыргызстан сулуусу-2013” менен бүгүнкү фестиваль экенин Амина Юсурова айтып өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mayoral
2013-06-14 20:46:28
Супер инфо,Амина Юсурова Кыргызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан