14-июнда Бишкекте “Сулуулар жана моделдер-2013” (IBMF) фестивалы башталды. Иш-чарага 15 өлкөнүн сулуулары катышып, алардын арасында “Эң мыкты сууга түшүүчү кийим” боюнча сынак болду. Салтанаттуу фестиваль борбордогу отелдердин биринде жагымдуу музыканын коштоосу менен бассейндин жээгинде өттү. Ар улуттан чогулган сулуулардын сууга түшүүчү кийимин атайын тандалган калыстар тобу сындан өткөрдү. Ошентип сынактын соңунда Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин тең төрайымы Амина Юсурова 15 кыздын арасынан румыниялык сулуу Матей Маринелв Петронеланын сууга түшүүчү кийимин “Эң мыкты” деп тапты.