Си Цзиньпин кайрадан Кытайдын башчысы болуп шайланды

Бүгүн, 17-мартта Си Цзиньпин кайрадан Кытай Эл Республикасынын башчысы болуп 5 жылга шайланды. Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын 2970 депутаты анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Добуш берүү жашыруун түрдө өткөн. Андан сырткары, Си Цзиньпин бир добуштан өлкөнүн Борбордук аскер кеңешинин жетекчилигине шайланды.

Эми кийинки эки күн аралыгында депутаттар премьер, вице-премьер жана министрлик кызмат ордуна келчү адамдардын талапкерлигин талкуулап, андан кийин жаңы өкмөттү бекитишмекчи.

Белгилей кетсек, өткөн апта аягында Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын үч миңге чукул мүчөсү Конституцияга өзгөртүү киргизип, Си Цзиньпиндин өмүр бою бийликте калуусуна жол ачкан. Мындай өзгөртүүгө 2970 депутаттын экөө гана каршы болсо, үчөө добуш берген эмес.

64 жаштагы Си Цзиньпин 2013-жылдан тарта Кытайды башкарып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-03-17 17:22:34
Буйруса бул инсан Кытайдын тубуно жетсе экен...
0
rysik79
2018-03-17 18:33:51
Кытайды которуп жатпайбы. Цинзяндагы уйгурлага кысымды катуу кылып жатат го.
+2
Shekeev969798
2018-03-19 12:37:42
Барып барып бийликти эч ким бербей калат окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан