Орусиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Путин 76 пайыз добуш менен алдыда келе жатат

Орусиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Владимир Путин 76,63 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ушул сааттарга карата добуштардын 98 пайызы саналып бүткөн. Ал эми добуш берүүгө өлкөдөгү шайлоочулардын 67 пайызы катышкан.

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча, бул шайлоодо Владимир Путин өзүнүн саясий карьерасындагы эң көп добушту алган. Ага 54 миллион 518 миң 110 жаран добуш берген. Бул 2004-жылдагы шайлоого карата 5 миллион 100 миңге көп.

Экинчи орунда Павел Грудинин 11,84 пайыз добуш менен жайгашууда, үчүнчү орунду 5,73 пайыз добуш менен Владимир Жириновский ээлеп турат. Ал эми Ксения Собчакты шайлоочулардын 2 пайызы колдоду. Мыйзам боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун акыркы жыйынтыгын 10 күн ичинде чыгарышы керек.

Президенттик шайлоодо 8 талапкер ат салышкан. Алар:

Сергей Бабурин;

Павел Грудинин;

Владимир Жириновский;

Владимир Путин;

Ксения Собчак;

Максим Сурайкин;

Борис Титов;

Григорий Явлинский.

Айта кетсек, Владимир Путин 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. 2004-жылы экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы (Орусиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин иштөө мөөнөтү 6 жылга чейин узартылган - ред.) Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Эгер Путин быйылкы шайлоодо жеңсе, ал 2024-жылга чейин Орусияны башкарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан