Жалал-Абад. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында «Кымыз» сынагы өтүүдө

Бүгүн, 15-июнда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында «Кымыз» сынагы өтүүдө. Облустун аймактарынан коноктор сынакка катышуу үчүн кымыздары менен келишкен. Аталган иш-чарада аймактардан келген таланттардын өнөрлөрү  тартууланып, улуттук оюндар менен коштолууда. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупалы Төрөмаматовдун айтымында, бул майрамга мамлекеттик бюджеттен 100 000 сом бөлүнгөн. "Иш-чаранын максаты - кыргыздын улуттук тамак-ашын, салт-санаасын даңазалоо. Учурда улуттук суусундугубуздун сапаты төмөндөп баратат. Мындай майрам салт катары кабыл алынып, жылына уюштурулмакчы",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ermek91
2013-06-17 19:41:10
асел сен эмне кылып журосун?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан