Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Сиздин Орусиянын президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз!
Кыргыз мамлекети менен Орусия ортосундагы биримдиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилейм. Биргелешкен аракеттер менен Кыргыз-Орус өз ара пайдалуу кызматташтык салтка айланып калган достуктун жана ишенимдин нугунда мындан ары карай да тереңдей бере турганына ишенем.
Учурдан пайдаланып, урматтуу Владимир Владимирович, сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана эң жогорку мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми Орусиянын бардык элине – тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!" - деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.
Белгилей кетсек, Орусиядагы 18-мартта өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Владимир Путин 76,67 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Орус басылмалары ушул сааттарга карата добуштардын 99,75 пайызы саналып бүткөнүн жазууда.