АКШнын "Ай-Би-Эм" (IBM) компаниясы дүйнө жүзү боюнча эң кичинекей компьютерди иштеп чыкты. Анын көлөмү туздун кристаллына тете, башкача айтканда, 1 куб миллиметрди түзөт.
Аталган компаниянын изилдөө бөлүмүнүн башчысы Арвинд Кришна: "Алдыңкы 5 жылдыкта кичинекей компьютерлер күнүмдүк колдонуучу аппараттардын катарын толуктап калат", - деп билдирген.
Көлөмү кичинекей болгону менен, микрокомпьютер маалыматты анализдөө, кабыл алуу жана алмашуу кызматын аткарат. Бирок микрокомпьютерде клавиатура, мышка жана монитор өңдүү порттор жок.