Түркиядагы кыргыз кызынын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы Түрк жараны кармалды

Түркиянын Денизли аймагында киши колдуу болуп каза болгон 26 жаштагы кыргыз кызынын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы Барыш Үнал аттуу Түрк жараны кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыз казинонун ичиндеги барда официант болуп иштеген.

Маркум окуя болгон күнү жумушунан чыгып үйүнө кетип жатканда шектүү ага жеткирүү сунушун айткан. Бирок кыз макул болгон эмес. Мындан улам кызды күч колдонуп унаага салып кеткен.

Шектүү кармалганда ал кызды кийин унаадан түшүрүп койгонун, атайын эмес, кырсык болуп тебелеп алганын айткан. Учурда шектүүнүн иши сотко өтүп камакка алынды. Шектелип кармалган жаран Денизли аймагындагы Каршыяка районунда касапканада иштеген.

Эске салсак, кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең менен саат 9:40 чамасында Памуккале районундагы унаа жолунан табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.кызы Ы. болгон. Учурда бул боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ал эми Тышкы иштер министрлиги алган маалыматтарга ылайык, учурда кыздын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызды унаа тебелеп каза болушу мүмкүн. Анын боору жана өпкөсү эзилип кеткен.

Ал эми чет элдик басылмалар маркум кыз муунтуп өлтүрүлүп, андан соң үстүнөн унаа тебелеп кеткенин жазышкан. Окуядан алыс эмес жерден каза болгон кызга таандык паспорт жана уюлдук телефон табылган. Анын жансыз денесин 19-март күнү эртең менен талаадан келе жатышкан адамдар көрүп, полиция кызматына кабарлашкан. Жансыз дене табылган учурда анын белинен ылдый жагында кийими жок экенин айтышкан алар. Укук коргоо органдары отуздай видеокамераларды карап, кишилерди сураган. Окуя камерага түшүп калып, анын негизинде шектүү кармалган.


кошулду
Түркияда Кыргыз кызынын жансыз денеси талаадан табылды
Түркиядагы кыргыз кызды өлтүргөн деген шектүү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Mina24
2018-03-21 08:16:34
Акмакты атып салыш керек
+9
Dalil
2018-03-21 08:19:03
Ушул Түркияга мүмкүн болсо кыздарыбызды жөнөтпөй эле койгулачы.
+26
yasin11
2018-03-21 08:51:43
Dalil,созунузго кошулам туура айтасыз
+10
aman0296
2018-03-21 13:27:58
Dalil,байкуштар жумушсуздун, акча аздыгынан барып иштеп жатышпайбы.
+5
Batma08
2018-03-21 08:47:26
Таш боор. Кудайдын каарына калгыр
+7
Azat.97
2018-03-21 08:48:50
XXXX!Атууга кетириш керек сендей айбандарды.
+6
Rifle_I
2018-03-21 09:25:00
Биздин мигрант болуп тентип кетишибизге ЧООҢ шарт түзүп бергендер , булар өзүбүз эле алданып шайлаган коррупционерлер,жепжутаттар.
Мамлекетибиз качан эле бутуна туруп, өзүбүзгө толтура фабрика заводдорду куруп коет элек. Канчалаган млр акчалар бир ачкөз жепжутаттардын чөнтөгүнө түшүп жатат.
+25
SHERBOLAT
2018-03-21 09:38:43
Ата-энелерибиз кыздарын жонотпой койсо жакшы болмок. А эркек баланы жонотсо болот. Антпесе башка улуттагылар кыргыз кыздарын доступный деп каалагандай кылып атышат.
+9
meni_kut
2018-03-21 11:41:35
SHERBOLAT,бирок доступный болуп кеткени коп
0
Nurik-88
2018-03-21 13:06:19
meni_kut,ошо бул кызды да доступный деп ойлогон да.Байкуш кыз жаман жургон кыздарыбыздын айынан олду
+7
Kirajsjk
2018-03-22 11:35:31
SHERBOLAT,Bizde jogorku bilimge kizdaribizdi okutuwat..erkek bala okubasa dele janin bagip ketet dep koiuwat...anan chet jaka chigip iwterge kelgende kizdar bilimduu bolup til bilgendigi bilimi bar uchun ketip jatiwpaibi...negizi bizde tuura emes tuwunuk bar.Erkek baldribizdi birinchi okutuw k.k bilimduu boluwsa kana alar iwtep aialdar uiundo oturuwat ele
+1
Dalil
2018-03-21 10:03:56
Россияга окшоп бизде да эгемендүүлүктү алганда арзыбаган акчага менчиктештирип алган завод-фабрикаларды мамлекетке кайтаруу керек. Алар короткон акчаларын эселеп чыгарып алышты. Бизде мамлекетти эмес өзүн ойлогон башчылар келип жатат жалаң. Россия эмне кылса туураган башчыларыбыз ушунусуна көз жумуп көрмөксөн болду. Өзүбүздө жумуш орундары бар бирок менчик болгондугу үчүн айлыгы аз. Жакшы айлык жетиштүү жумуш болсо ушинтип кыз-келиндерибиз чет мамлекетке балдарын, ата-энесин таштап тентибейт эле
+7
Altysha89
2018-03-21 10:12:12
Окунучтуу.... жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр . Азаматтар жузун элге корсотуп зоокурду аз убакыт аралыкта кармашты . Жазасын алсын. Статьялары да оор жакшы кун корбойт ал жактан жон гана атып салса женил жаза. Тируулой корсун жазаны акмак.
+7
ludimira
2018-03-21 10:52:57
Зордуктап,анан тебелеп касапчы малдай элестеткен го...
Кыздын чеккен азабынын четин гана чегип корсунчу..хотья мин эсе азабын тарт
+3
bekalife
2018-03-21 11:34:26
Касапканада иштеп малдын сыпаттары отуп калганда анги эшек болуп. Кудай жазасын берсин куноосу далилденсе
+1
Beise
2018-03-21 11:51:08
Эшек, айбан турмодо чирип ол!
+3
Nanei
2018-03-21 12:06:34
Башында билип билбей кээ бир форумчулар сойку пойку деп жиберишти эле. Жакшы эле кыз экенго,ушинтип жазаарда мээнерди иштетсененр,ата энесине кандай оор болот,кызы олуп атса,силер олгондун устуно комгон кылып сойку окшоцт деп жаза саласынар
+19
Ask094
2018-03-21 15:08:58
Nanei,саяк журсон таяк жейсин дейт. Повод бербесе суйлоп суйлоп эле калмак. Жакшы кыз болсо неге куйооно тийбей тентип журот? Кудай билет баарын сен актабайле кой эч кимди. Откондо бироосу жарым жыланач кийими менен кулады эле балким ал да просто разминка кылып аткандыр э Сойкулукту ???
-18
Nanei
2018-03-21 15:14:12
Ask094,бир куну сен да тентип калба??? Эртен эмне болоррунду бир Кудай ОЗУ билет
+12
Ask094
2018-03-21 15:25:51
Nanei,мен озум билем эмне болорумду дегемин жок. Жакшы журуш керек туз жолдо деп атам.
-8
Nanei
2018-03-21 18:30:59
Ask094,кандай жолдо жургон кыз экенин билсен дагы унчукпа,маркум ОЗУ жооп берет Кудай астында. Эркексинби,эркектердин тили кыскараак эле болсо
+8
Dalil
2018-03-21 16:03:20
Ask094, акыретте ар бир сүйлөгөн сөзү үчүн жооп берерин адамзат билсе, дүйнөнү жымжырттык каптамак экен. Ал окуяны көзүң менен көрбөгөн соң андай эң ыплас ишти кылып жүрсө керек деп маркумду күнөөлөбө. Биз эркектер шариятта айтылгандай үй-бүлөбүздү камсыз кылып, аялдарыбыз бар тапканыбызга шүгүрчүлүк кылууну билгенде ушинтип четке тентимек эмеспиз. Шүгүрчүлүк кылуу керек Африкадай бир тиштем нан менен бир тамчы сууга жетпей кыйналганыбыз жок. Сирияга салыштырмалуу кечинде коркпой уктайбыз.
+8
Dalil
2018-03-21 16:12:09
Жакшы жашайлы байларга теңелебиз деп, турмуштан ажыраган же турмушка чыга элек кыз-келиндерибизди жөнөтүп жаткан ата-энелерибизди түшүнө албайм. Жегени нан таппай айласыздан четте иштеген мекендештерибиз аз. Көпчүлүгү жакшы жашоо үчүн иштеп жатат. Ушундай жашоого себебчи болгон өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлогон чоңдорубузга миң наалат болсун. Бул күйгөнүмдөн айтылган сөз.
+5
nurhan2702
2018-03-24 14:34:17
Ask094,бул байкуш кыз жакшы эле уйуно жеткирейин десе конбоптур. Куч колдонуп, зордуктаса керек ал зоокур. Ошондой абалга туш болгондон кудай сактасын десен, Доорубой...
0
Kirajsjk
2018-03-22 12:16:05
Nanei,туура айтасын.Турцияда жургондун баары сойку деп ойлошот экен кобу.
+1
KGstan1981
2018-03-21 15:35:08
Союз таркагандан кийин Кыргызстандагы бут завод фабрикаларды талкалаган Акаевти жана Кыргызстанды 4 млрд$ карыз кылган мультимиллионерди Аллахым озу жазасын берсин Оомийн!
+7
Aidani
2018-03-21 16:27:16
Кылмыщкеоди турктор ошол эле куну кармаган ал жакта закон кучтуу, кыз тунку клубда иштейт экен деп мен жазгам, сойку деп жазган эмесмин.
+2
Ask094
2018-03-21 19:56:13
Биздин кыздар олтурсо деле суйоберет аларды))
-7
Nanei
2018-03-21 20:28:33
Ask094,табалаба,
+2
Kirajsjk
2018-03-22 12:52:04
Ask094,anch emnele kizdaribizga asildin..sen anda kiyratpaisinbi uwul jerde jazip olturbai
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан