Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы "Сыйлуу тизмеден" орун алып, Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды", Кенже Дүйшееванын "Апакем" чыгармалары "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Курал Чокоевдин аткаруусундагы "Кара-Балта-Кайыңды" жана Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы кошулду.

14-МАРТТАН 21-МАРТКА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" видеокомпозициясы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы да өткөн апталарга салыштырмалуу азыраак каралган.

8-орунга - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы ээ болгон.

7-орунда - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы орун алган.

6-орун - Өткөн жумада жаңыдан тизмеге кошулган Малика Динанын "Айтчы себебин" чыгармасына буюрган.

5-орунда - Мурунку жумада жеңүүчү деп табылган Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы жайгашкан.

4-орунду - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы ээлеген.

3-орунга - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр ай" чыгармасы татыган.

2-орунду - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээледи.

1-орун - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасына буюруп, ушуну менен 3 ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.

"Клиптин сценарийи режиссёр Эрнист Сыдыковго таандык. Негизги максатыбыз жаңы келген келинди барктай билүү керек деген теманы чагылдыруу болгон. Көптөр клиптеги апанын ролун аткарган айым (ред. Айгүл Курманова) өтө эле жаш деп айтышат. Аны атайын ошентип тандаганбыз. Себеби жаш көрүнгөн апалар абдан көп. Мурда клиптеримдин баарына өзүм катышып жүрсөм, бул ирет чет жакка чакыруулар көп болуп, тартуу иштерине катыша албай калгам", - дейт ырчы жогорудагы клиби тууралуу.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан