Быйыл да Таластын "Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча мелдеште жеңишке жетти

21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеште 1-орунду "Ынтымак" командасы багындырды.

1-орун үчүн беттеште Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен кез келип, 2:1 эсепте жеңип алды. Оюндун жүрүшүндө "Достук" командасы эсеп санын ачса, "Ынтымак" командасы тайказанга 2 улак таштап, атаандашын утуп алды. Муну менен "Ынтымак" 400 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, "Достук" командасы 200 миң сомго ээ болду.

Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда да бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен.

Атактуулар кайсы командага жан тартканын билүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.

Нооруз-2018: Көк бөрүдөн "Ынтымак" командасы былтыркы ийгилигин кайталады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
urmat94
2018-03-21 16:26:43
Ахилес мн геркулеске тен келе турган ат табыш керек экен Достук командасы. Мен Достуктун куйорманымын ичим ачышып атат бирок оюн жакшы отту кучтуу аттары мн Ынтымак утту куттуктайм
+10
Nanei
2018-03-21 18:24:14
urmat94,ичин куйсо туз жала,жата калып муз жала
-8
Ernic
2018-03-21 16:27:03
Ура Ура Ура! Красавчиктер! Мен силерге ишенгенмин! Азаматтар Достук дагы да болсо тизе бүктүрүп жүрө бергиле!!!
+7
SHERBOLAT
2018-03-22 12:08:58
Ernic, Кыргыздын душманы. Оштуктар бугулгон эмес и бугулбойт дагым. Казактарды женип алгандай жазыпсынго
-1
Ernic
2018-03-21 16:29:13
Азыр акылдуулар чыгат, калыс дагы тартып койду деп.))
+13
urmat94
2018-03-21 16:33:15
Ernic,калыс тарткан жок оюн таза болду мен Оштон болом мурункусунда реально эле тартып койсон бунусунда таза женишти ынтымак командасы Достука кийинки оюндарына ийгилик каалайм
+15
chakantash89
2018-03-21 16:41:42
Акилес менен Геркулес адамдан дагы акылдуу аттар экен. Достуктун защитасы аябай жакшы болду. Оюн эн онун болду. Ынтымактын жениши менен куттуктайм.
+12
urmat-77
2018-03-21 16:59:09
Ынтымакты куттуктайм.Негизи жакшы оюн болду.Чынында Ахилес менен Геркулес болбосо Ынтымак жарым финалга жетиши деле күмөн.Себеби чоң айырма менен уткан командалары жокко эсе.Баарыбир жеңиш силердики.
+2
Nanei
2018-03-21 18:23:43
urmat-77,победителей не судят,аз айырмабы ,чон айырмабы иши кылса утту,дальше соз жок
+1
Saadanbek
2018-03-21 17:14:20
Эки команда тен кыргызымдын жигиттери, ынтымактын куйормандарын чын конулдон куттуктайм!тан алыш керек, бул жолу ынтымак кучтуу болду. Архилес кучтуу болду чын чынына келгенде.
+12
Arlenchik
2018-03-21 17:45:35
Абдан жакшы оюн болду, эки ат мыкты экен, соонун дегенден башка соз жок, оюнчуларда жакшы ойношот экен, ошо мыкты атты минип жакшы ойногон оюнчу болгон учун да утушту, ал эми жогоруда жазып аткандар эмнеге ичинер туз куйгандай ачышат?! экоотен кыргыздын командасы, ийгилик каалап гана койгула, болунуп жарынбай.
+12
uran98
2018-03-21 17:46:24
Футболдон Алай КРнын ичинен баарын тизе бүктүрсө
Көк бөрүдөн Таластын Ынтымагы экен да
Достукта мыкты балдар ойнойт,Ынтымакта Мыкты аттар ойнойт экен
Кантсе да мыкты Кыргызымдын жигиттери баарытең
+6
aza84
2018-03-21 18:08:15
Мен откондо айткандай эле прогноз болуптур Алга ушинтип журо бергиле Ынтымак командасына
+4
nur1
2018-03-21 19:38:08
Урматтуу супер инфочулар таластын командасынын оюнчуларынан деле интервью алып койсонор жакшы болот эле? Ниязов деп эле пиар кыласынар финалда бир улак ала албай койду
-5
Va.vasm
2018-03-21 19:53:01
nur1,Чынында Манас кучтуу бала, а Таластан аттары кучтуу. Ошондо Ахилестен интервью алыш керек))).
+6
asylbekova
2018-03-21 21:05:59
nur1,Манас чынында кучтуу бала экен. Башкалар эки колу менен таштай албай, кучу жетпей жаткан улакты Манас бир колдоп, эле салып коюп жатты
+1
nur1
2018-03-21 19:40:25
Ахилестти киши тренировка кылганда
0
Nurik-88
2018-03-21 19:54:23
Чынында ынтымактын аттары кучтуу экен. Жекеме жекенен бир да жолу достука улак беришбеди.
+5
Firdaus-Muslim
2018-03-21 20:18:14
Кыргызымдын эр азамат жигиттери бар болгула. Сыйлыктары кут болсун! «Көк-бөрү» оюнун дүйнө элине таанытып жүрө бергиле.
+7
Talaschanka
2018-03-21 20:18:39
УРААА УРАА УРААА ТАЛАС ЧЕМПИОН!!! Молодцы суйунуп жатам.
+2
BekAmir
2018-03-22 00:07:22
Азаматтар Казакстанга барганда ушундай ойнобойт беленер???..
Колунарга кум уучтап алгандай болуп ойнодунар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан