КҮНСЕРЕП: Өлкөдө эң башкы улуттук оюнга дагы деле шарт түзүлө элек

Бүгүн, 21-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте “Аккула” ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары орун алды. Күндүн башкы окуясы - көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы эле. Анда Таластын Ынтымак” командасы менен Оштун Достук” командасы беттешип, 2:1 эсебинде Ынтымак” командасы жеӊүүчү аталды. Үчүнчү орунду Чүйдүн “Биримдик” командасы алды. Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов “Мыкты чабуулчу” аталса, “Мыкты оюнчу” наамы Ынтымак” командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулуна берилди. Бишкектин “Арашан” командасындагы “Күрөӊ” аттуу аргымак “Мыкты ат” наамына татыды. 2017-жылы да Ноорузга арналган оюндун финалына “Достук” жана “Ынтымак” командалары чыгып, 8:7 эсебинде “Ынтымак” командасы жеӊишти илип кеткен.

Кыргыз жеринде көк бөрүнүн күйөрмандары жыл сайын көбөйүп жатканы оюндарда көрүнүүдө. Бирок Бишкектин жалгыз ат майданында тийиштүү шарт жок. Былтыр Ноорузда 3,5 миӊ орундуу ипподромго 20 миӊдей көрүүчү келип, уюштуруучулар менен ал жерде коопсуздукту камсыз кылуусу керек болгон милиция кызматкерлеринин шаштысын кетиришкен. Күйөрмандар оюн жүрүп жаткан талаага чейин кирип, ипподром четинде баннер илинген темир түркүккө, дарактарга чыгып кетишкен. Бул окуя ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбековдун көӊүлүн буруп, 29-мартта өкмөт жетекчиси “Аккулага” барып, ат майдандын абалы менен таанышып, майданды оӊдоп, көрүүчүлөргө шарт түзүү тапшырмасын берген эле.

2017-жылы 22-майда өкмөткө ипподромду модернизациялоонун эскиздик планы сунушталган. Анда ат майдан 10 миӊ көрүүчүгө ылайык курулары, адистердин эсептөөсү боюнча буга 300 миллион сом кетери айтылган. Жээнбеков долбоорду кайра иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна киргизүүнү сунуштаган. 18-августта Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиев жетектеген топ премьерге “Аккуланы” жаӊылоонун жаӊы долбоорун сунуштады. Анда ипподром 5,5 миӊ кишиге ылайыкталып курулуп, буга 650 миллион сом жумшалары айтылды. Көрүнүп тургандай, баштапкы планга салыштырмалуу ипподромго жаӊы курула турган орундар азайып, бирок долбоордун акчасы 2 эсе көбөйүп кеткен. Абдиев ат майданды жаӊылоо планы жана акчасы даяр экенин, ат майдандын тегерегиндеги соттук иштер бүтсө, курулуш иши 2018-жылы башталарын айткан.

“Аккула” ат майданынын тегерегинде 2013-жылдан бери соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. 2017-жылы 7-сентябрда Жогорку Сот Ленин райондук прокуратурасынын доо арызын канааттандырып, “Аккула” ат майданынын жеке менчикке сатылышы боюнча келишимди жараксыз деп тапкан. Бул чечимди “Аккула” ат майданы 1995-жылы Бишкек мэриясынын балансына берилген, 1998-жылы ипподромду сатууга ыйгарым укугу жоктугуна карабай Айыл чарба министрлиги аны жеке менчикке сатып жиберген” деп түшүндүрүштү. 2017-жылы 7-декабрда “Аккула” ипподрому мамлекеттин, тагыраагы, мэриянын балансына өткөрүлгөн. Бирок ат майданды жаӊылоо, күйөрмандарга шарт түзүү иши баштала элек. Бүгүн “Аккулада” былтыркыдай баш аламандык байкалган жок, бирок миӊдеген күйөрман көк бөрүнүн финалын адаттагыдай тик туруп көрдү...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан